«Аудит Эффект» Аудитордук компаниясы

Кызмат аты: «Аудит Эффект» Аудитордук компаниясы
Категория: Мекемелер
Бөлүм: Банктар жана фин. мекемелер
Облус: Ош
Район/Шаар: Ош шаары
Дарек: Курманжан Датка, 224, 3 этаж
Телефон: (0550) 929 828, (0772) 417 975
«Аудит Эффект» Аудитордук компаниясы

«Аудит Эффект» Кыргыз Республикасынын базар экономикасында инвестициялык консальтингижанаюридикалык, бухгалтердик эсеп, салык салуу, аудиттордук кызмат тармагы боюнча жогорку сапатта кызмат көрсөтүүчү, лицензиясы бар компания. Компания өзүнүн кызматын ишке көңүл буруунун, иштин эффективдүүлүгүнүн жана өз убагында комлекстүү ыкмаларды колдонуунун негизинде финансылык, бухгалтердик эсеп жана салык салуу тармагы боюнча кайрылган кардарлардын бардык талаптарын эске алуу менен кызмат көрсөтөт.

Компания аудитордук жана аудит кызматтарга байланышкан кызматтарды Эл аралык аудитордук комитеттер тарабынан иштелип чыккан (МАК, Нью-Йорк, США) аудиттин эл аралык стандартына ылайык (ISA) көрсөтөт. Финансылык маалыматтардын объктивдүүлүгүн баалонун критерийлери азыркы учурдагы дүйнөлүк практикада колдонулуучу кеңири жайылган Эл аралык финансылык отчеттун стандарттарынын (ЭФОС) негизинде өткөрүлөт.

«Аудит Эффект» өзүнүн кызматтарын Эл аралык бухгалтерлер федерациясы (ЭБФ) тарабынан бекитилген ЭтикаКодексинин талаптарына ылайык толугу менен дал келтирүү аркылуу ишке ашырат. Сапаттын Эл аралык стандартынын негизинде аудитордук текшерүүдөгү тобокелчиликти баалоонун милдеттүү түрдө өткөрүлүшү жана маалымдоосу үчүнэкономикалык билимине жана алардын финансылык отчетунун түшүнүктүү болушуна далилдерди жыйноодогу иш-аракеттери сыяктуу маселелерге көңүл бурат.

«Аудит Эффект» аудитордук компаниясы төмөндөгүдөйкызматтарды көрсөтөт:

- Милдеттүү жана демилгелүү аудитордук текшерүүлөр;

- Бухгалтердик кызмат көрсөтүү жана коштоо: уюштуруу, бухгалтердик иштерди жүргүзүү;

- Бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү.