покупка продажа
USD68.3068.50
EUR81.4082.20
RUB1.1781.190
KZT0.19700.2030

обновление 25.09.2017 05:00:14

Кабылан-Көл айылдык Кеңеши

Кызмат аты: Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
Категория: Мекемелер
Бөлүм: Центры, ассоциации, фонды
Облус: Ош
Район/Шаар: АЛАЙ
Дарек: Кабылан-Көл
Телефон: 03234- 6 00 14
Кабылан-Көл айылдык Кеңеши


Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  III чакырылышынын IХ  заседаниесинин

Т О К Т О М У

Кабылан-Көл  айылы                                   №9/1                                          14.12.2011-ж.

Жогорку  органдардан  келген документтердин ,  атуулдардан  түшкөн  арыз  даттануулардын   аткарылышы  жөнүндө.

Кабылан-Көл  айылдык  округуна  жогорку  органдардан  келген  документтердин,  атуулдардан  түшкөн  арыз  даттануулардын  аткарылышы  жөнүндөгү Мыйзамдуулук, этика маселелери    боюнча  туруктуу  комиссиясынын мүчөсү  депутат  Назират  Сагынбаевдин   маалыматын  угуп жана  талкуулап 
Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин  заседаниеси

Т О К Т О М    К Ы Л А Т  :

1.    Кабылан-Көл  айылдык  округуна  жогорку  органдардан  келген  документтердин,  атуулдардан  түшкөн  арыз  даттануулардын  аткарылышы  канаттандыраарлык деп  белгиленсин.

2.    Кабылан-Көл  айылдык  округуна  жогорку  органдардан  келген  документтердин,  атуулдардан  түшкөн  арыз  даттануулардын  аткарылышы   боюнча  өз  мөөнөтүндө   сапаттуу  иш  жүргүзүү  айыл  округунун  тиешелүү  кызматкерлерине  милдеттендирилсин.

3.    Ушул  бтоктомдун  аткарылышын  козөмөлдөө  жагы  Кабылан-Көл  айылдык  округунун  башчысына  тапшырылсын.

Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  төрагасы :                                       Ш.Акаев.
































Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  III чакырылышынын  IХ  заседаниесинин

Т О К Т О М У

Кабылан-Көл  айылы                                   №9/2                                          14.12.2011-ж.

Кабылан-Көл  айылдык  округунун жайыт  комитетинин аткарган  иштеринин  абалы жөнүндө.

Кабылан-Көл  айылдык  округунун жайыт  комитетинин аткарган  иштеринин  абалы жөнүндө Жер жана  айыл  чарба,  экономикалык  саясат  боюнча туруктуу  комиссиясынын  төрагасы депутат    М.Мадаевдин   маалыматын  угуп жана  талкуулап Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин  заседаниеси

Т О К Т О М    К Ы Л А Т  :

1.    Кабылан-Көл  айылдык  округунун жайыт  комитетинин аткарган  иштеринде   бир   топ  кемчиликтер   орун  алгандыгы  белгиленсин. 

2.    Жайыт комитетинин  ишинин  аткарган  ишинде  кетирилген кемчиликтерди тез  аранын  ичинде  жөнгө  салуу   Жайыт  комитетинин  төрагасы  А.Пусуровго    милдеттендирилсин

3.    Жайыт  комитетинин   мындан  ары  өнүгүшунө   көмөктөшүү  жана  эл  арасында    жайыт   төлөм  дөрүн  төлөө   боюнча  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүүнү  уюштуруу   айыл округунун  башчысы  Б.Садыковага   жана  айылдык  кеңештин  депутаттарына  тапшырылсын.



Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  төрагасы :                                       Ш.Акаев.






























Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  III  чакырылышынын  IХ  заседаниесинин

Т О К Т О М У

Кабылан-Көл  айылы                                   №9/3                                          14.12.2011-ж.

Э.Мурзаев  атындагы  орто  мектебиндеги  окуучуларга  укуктук   идеологиялык  жана адептик  тарбия  иштеринин абалы  жөнүндө.

Э.Мурзаев  атындагы  орто  мектебиндеги  окуучуларга  укуктук   идеологиялык  жана адептик  тарбия  иштеринин абалы  жөнүндө укуктук  администрациялык   маселелери    боюнча  туруктуу  комиссиясынын мүчөсү  депутат  К.Жумалиеванын   маалыматын  угуп жана  талкуулап 
Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин  заседаниеси

Т О К Т О М    К Ы Л А Т  :

1.    Э.Мурзаев  атындагы  орто  мектебиндеги  окуучуларга  укуктук   идеологиялык  жана адептик  тарбия  иштеринин  жүрүшү  айрым  кемчиликтерди   эске  алуу  менен канааттандыраарлык  деп  белгиленсин.

2.    Э.Мурзаев  атындагы  орто  мектебиндеги  окуучуларга  укуктук   идеологиялык  жана адептик  тарбия  иштерин  жүрүшү  жана  кетирилген  кемчиликтерин  жоюу  жана  козөмөлдөө  мектеп  директору  Ш.Акаевге  милдеттендирилсин.

3.    Ушул  бтоктомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Кабылан-Көл  айылдык  округунун  башчысына  тапшырылсын.

Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  төрагасы :                                       Ш.Акаев.



























Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  III  чакырылышынын  IХ  заседаниесинин

Т О К Т О М У

Кабылан-Көл  айылы                                   №9/4                                          14.12.2011-ж.

Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин            III чакырылышынын депутаты Т.Сактановдун  мандатын таануу жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык  Кеңешинин  заседаниеси


Т О К Т О М    К Ы Л А Т  :


1.    Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын №9 токтомунун негизинде Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин III  чакырылышынын депутаты Т.Сактановдун  мандаты  таанылсын.



Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  төрагасы :                                       Ш.Акаев.












































Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  III  чакырылышынын  IХ  заседаниесинин

Т О К Т О М У

Кабылан-Көл  айылы                                   №9/5                                          14.12.2011-ж.


Кабылан-Көл  айылдык  округунун  аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун  массалык кыйуусуна бөгөт  коюу  жөнүндө.

Кыргыз  Республикасынын  Токой  кодексинин   талаптарына  негизденүү  менен   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө   караштуу  курчап  турган   чөйрөнү  коргоо  жана  токой  чарба   мамлекеттик  агенттигинин  2011-жылдын  25- августунан  №  01-13/223- буйругуна,  ушул  багытта кабыл  алынган  Ош  облусунун мамлекеттик  администрациясынын  2011-жыл  21 октябрь  №  188 буйругуна ылайык  айылдык округдун  аймагында   токой  экосистемасын  сактап  калуу,  токойлордун  массалдык кыйылуусуна  жол  бербөө,  жергиликтүү  калктын отун  продукциясына  болгон мактаждыктарын  камсыз  кылуу  үчүн  айылдык  округдун  аймагында тез  жетилүүчү терек  жана   кара тал  дарактарын олтургузууу  демилгесин  колдоо  максатында Кабылан-Көл  айылдык  Кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

1.    Кабылан-Көл  айылдык  округунун аймагында   тез  жетилүүчү  терек  жана  кара  тал көчөттөрүн  жол  боюна, арык  канал  жээктерине,  үлүш  жана  там  арык  жээктерине  жана  плантация  тибинде  олтургузууну    уюштуруу  боюнча   иштелип  чыккан  Кабылан-Көл  айыл  округунун тийиштүү
 иш – чара  пландары  бекитилсин.

2.    Кабылан-Көл   айылдык  округдун   калкын  бир  жылдык  ишке  жарамдуу  жана  отун  продуцияга  болгон  муктаждыктарынын  эсеби  жана  2012-жылдын  жаз   айларында  олтургузула  турган тез  жетилүүчү  терек  жана  кара  тал  көчөттөрүнүн   өлчөмү ( саны ) тиркемеге  ылайык  бекитилсин.
           ( тиркеме  тиркелет.)

3.    Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  кылуу  Кабылан-Көл
              айыл  өкмөтүнүн  башчысы Б.Садыковага, айыл  башчыларына   
            жана  токтомдун    аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык    
            Кеңешинин  жер жана айыл чарбасы , экология  боюнча  туруктууу   
              комиссиясына  тапшырылсын.




Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  төрагасы :            _________________Ш.Акаев.