покупка продажа
USD68.3568.55
EUR81.4082.40
RUB1.1801.190
KZT0.19400.2040

обновление 25.09.2017 04:43:30

Араван райондук кеңеши

Кызмат аты: Араван райондук кеңеши
Категория: Мекемелер
Бөлүм: Центры, ассоциации, фонды
Облус: Ош
Район/Шаар: АРАВАН
Дарек: Араван району, Ленин көчөсү, 1
Телефон: 5-00-08, 5-12-88
Фах: 5-12-89

АРАВАН  РАЙОНДУК  КЕңЕШИНИН    XIX СЕССИЯСЫН
ПРОТОКОЛУ
          Араван айылы,                                                31-январь    2012-жыл.

Сессияны райондук Кеңештин төрагасы   К.Г.  Айтибаев   ачат:
Урматтуу депутаттар жана Араван райондук Кеңешинин бүгүнкү сессиясынын катышуучулары!
Араван райондук Кеңешинин депутаттарынын бүгүнкү сессиясына 24 депутат катышууда.  1 депутат себепсиз катышпай жатат.
Бүгүнкү кезексиз сессиябызга Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор Жээнбеков Сооронбай Шарипович катышып жатат.
Сессия өз ишин баштоого укуктуу кворум бар жана сессиянын ишин баштайлы деген сунуш бар. Каршылык жокпу?  Колго  салам.

Каршы?                            Калыс?                                     Жок.

Райондук Кеңештин төрагасы   К.Г.  Айтибаев:  Райондук Кеңештин сессиясын ачык деп жарыялаймын.
Биз сессияны алып баруу үчүн секретариат шайлап алууга тийишпиз.
    Секретариаттын курамы 2 кишиден болуп төмөндөгү депутаттарды сунуш кылсак:

1.    Ахмедов Бахтияр  – С.Юсупова  шайлоо   округунан депутат.
2.    Кожобаев Залкар  -  Мангыт  шайлоо округунан депутат.

Каршылык жокпу? Каршылык  жок деген депутаттардын кол көтөрүп коюуларын суранамын.

           Каршы?                                       Калыс?                Жок

Райондук Кеңештин төрагасы  К.Г.  Айтибаев: Бир добуштан кабыл алынды.
(Токтом тиркелет)

Урматтуу депутаттар, бүгүнкү кезексиз  сессиянын күн тартибинде кароо үчүн төмөнкү маселе сунуш кылынат:

1.    Кыргыз Республикасынын 15-июль 2011-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 155  Мыйзамына, 14-июль 2011-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” № 96 Мыйзамына, 10-августь 2011-жылдагы Кыргыз өкмөтүнүн  № 495 Жобосуна  жана райондук Кеңештин регламентине    ылайык Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин кызмат ордуна талапкерди тандоо жөнүндө.

Каршылык жокпу?  Жок. Анда күн тартибинде ушул маселе  көрүлсүн деген депутаттар  кол көтөрүп коюуңуздарды суранам.
   
Каршы?                                Калыс?                                  Жок.
    Күн тартиби бекитилди.
Биз сессиянын ишинин регламентин белгилешибиз керек. Күн тартиби боюнча чыгып баяндама жасоочуларга 5 мүнөткө чейин  жана танаписсиз  иштөө сунушу түштү. Сессияны 1 саатта бүтүрсөк?  Каршылык жокпу?  Жок.  Кабыл алынды.   

Райондук Кеңештин төрагасы К.Айтибаев:
Урматтуу депутаттар, сессиянын күн тартибиндеги маселелерди  кароого өтөбүз.
Бул маселе боюнча сөз Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчыс-губернатору Жээнбеков Сооронбек Шариповичке.

С.Ш.Жээнбеков өз сөзүндө,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык  Араван райондук мамлекеттик администрацясынын башчысы-акиминин кызмат ордуна дайындоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Премьер Министри ө.Бабановдун сунушу менен таныштырды.  Талапкерлер:
1.    Мирзабарамов Пайзилла Кочкорович;
2.    Артыков Шамил Жусупович;
3.    Айтибаев Курбанбек Гайыпбековичтер
Алардын ичинен татыктуусун тандап алууңуздарды сунуш кыламын.
 
Райондук Кеңештин төрагасы К.Г.Айтибаев
Урматтуу депутаттар менин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдигине  талапкердигим сунушталгандыгы үчүн сессияны орун басарым Р.Кадиров алып барса.

Райондук Кеңештин төрагасынын орун басары Кадиров Р.

Урматтуу депутаттар, Кыргыз Республикасынын Примьер министринин сунушу боюнча  райондук мамлекеттик администрациясынын башчысын-акиминин  талапкердигин тандоо үчүн биз эсептөө комиссиясын түзүп алууга тийишпиз. Эсептоо комиссиясы 5 депутат саныдан болсун деген сунуш бар. Каршылык жокпу? Каршылык  жок деген депутаттардын кол көтөрүп коюуларын суранамын.

           Каршы?                                       Калыс?                Жок

Райондук Кеңештин төрагасынын орун басары Кадиров Р. Бир добуштан кабыл алынды.

 Бул маселе боюнча кимде кандай сунуш бар?
 
1.    Тилавалдиева Махарамхан
2.    Кожобаев Залкарбек
3.    Токтошов Мурзабелек
4.    Нарматов Искендер
5.    Гулжигитов Суюн

Башка сунуштар жокпу? Жок. Башка сунуштар болбосо, бул депутаттар эсептөө комиссиясына шайлансын деген депутаттардын кол көтөрүп коюуларын  суранам.

Каршы?          Калыс?                 Жок.

(Токтом  тиркелет)

    Эсептөө комиссиясы өз ишин баштоого укуктуу. Ишиңиздерди баштасаңар болот. Калгандарыбыз  15 минут танапис кылып алсак.

Райондук Кеңештин төрагасынын орун басары Кадиров Р.
    Эсептөө комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколу бекитилсин деген депутаттар кол көтөрүп, коюңуздарды суранам.
Каршы?          Калыс?                 Жок.

    Эсептөө комиссиясынын добуш берүүнүн натыйжасы боюнча протоколу бекитилди.

(Протокол  тиркелет)

    Анда эмесе Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин кызмат ордуна тандалган  Артыков Шамил Жусуповичти Кыргыз Республикасынын Премьер министриден  Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким кылып дайындап берууну сурануу боюнча токтом кабыл алсак. Каршылык жокпу? Жок.  Анда  бул  токтому кабыл алынсын деген депутаттарды кол көтөрүп коюуңуздарды суранам.

Каршы?          Калыс?                 Жок

(Токтом тиркелет)

    Урматтуу депутаттар !
    Анда өзүмдүн жана райондук Кеңештин депутаттарынын атынан талапкерибиз  Артыков Шамил Жусуповичти  иштеринде ийгилик каалап калууга уруксат берсеңиздер.

    Бүгүнкү кезексиз сессиябыздын күн тартибине коюлган маселе каралып бүттү. Сессиянын жүрүшү боюнча кимде кандай сунуш бар?  Аны жабык деп жарыялаймын.

    Келгеңиңиздер үчүн рахмат.

Саламатта болуңуздар!



    Араван райондук  Кеңештин
төрагасынын орун басары:                 Р.КАДИРОВ