покупка продажа
USD69.6569.80
EUR82.0082.80
RUB1.1651.175
KZT0.19000.2100

обновление 19.11.2017 00:21:04

Алай райондук кеңеши

Кызмат аты: Алай райондук кеңеши
Категория: Мекемелер
Бөлүм: Центры, ассоциации, фонды
Облус: Ош
Район/Шаар: АЛАЙ
Дарек: Гүлчө айылы, Ленин көч, 68
Телефон: (03234) 5-14-11, 5-01-70
Фах: (03234) 5-14-10
Э-почта: tagamatov52mail.ru
Байланыш: Алай райондук кеңешинин жоопту катчысы Тажаматов Абдимажит 0773 655211


Алай  райондук Кенешинин II чакырылышынын XXII заседаниесинин

Т О К Т О М У

Гүлчө айылы                                                 № 22 /1                                   23-октябрь 2012-жыл

                                              Алай райондук Кеңешинин 2012-жылдын  17-июлундагы № 11
                                                      токтомун  бекитүү жөнүндө.
                                                      
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак-жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндөгү 2012-жылдын 4-майындагы №275 токтомун турмушка ашыруу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 29.06.2012-жылдагы № 94/1 токтому менен бекитилген комиссиянын курамын жана жобону карап анализдеп  Алай райондук Кенеши токтом кылат

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында  курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча райондук комиссиянын курамын жана жобону бекиткен Алай райондук Кенешинин                        17.07.2012-жылдагы № 11 токтому бекитилсин.
 
2.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 “Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча райондук комиссия турак жай берүү жөнүндө түшкөн бардык документтерди жобого ылайык мыйзам чегинде кароо, Ош окуясында 2010-жылдын июнь айында жабырланган Алайлык атуулдарга кезексиз туракжай берүү жагын сунуштоо менен  убара кылбай калыс кароо жагы комиссиянын курамына жана анын төрагасы М.П.Зикировко милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.



Алай райондук Кеңешинин төрагасы:                                    Н.М.Жеенбеков






    




Алай  райондук Кенешинин II чакырылышынын XХII заседаниесинин

Т О К Т О М У

Гүлчө айылы                                    № 22 /2                                                             19-июнь 2012-жыл

 Алай районунун “Ардактуу атуулу”  наамын
 ыйгаруу  жөнүндө.

Алай райондук Кенешинин Алай районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө жобого ылайык  жана атайын түзүлгөн  комиссиясынын маалыматынын жана токтомунун   негизинде  Алай райондук Кеңеши

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

    1.Алай районунун социалдык-экономикалык, маданий жактан  өнүгүшүнө, элдердин биримдигин, ынтымакчылыгын бекемдөөгө, жаштарды патриоттуулука, ыймандуулукка тарбиялоого  кошкон өзгөчө салымдары  жана көп жылдык үзүрлүү эмгектерин баалап төмөндөгү атуулдарга Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
1. Маматалиева Толгонай - Алай райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
    көзөмөлдөө    борборунун башкы дарыгери.
2. Туманов Кубанычбекке- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
3. Женалиев Айтибайга- Алай эксакими.
4. Абдуллаев Райымбекке-Ардагер.
5. Исмаилов Кадырбек Бакировичке-Ардагер.
6. Момунов Жаркынбайга-Ардагер.
7. Боронов Кубатбек Айылчыевичке-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.
8. Таиров Болот Эркебаевич- АРИСтин  эксперти.
       9. Асанов Курсан Сатаровичке-Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министринин
           орун басары милициянын генерал-майору.
      10. Осмонов Алмазбек Абдилаковичке- Алай районунун эксакими.
      11. Бокоев Жаныбек Абдраевичке – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук
            Унверситетинин юридикалык институтунун директору, профессору.
      12. Эргешбаев Алмазбек Урустамовичке- КРнын ички иштер министирлигинин уюшулган
         кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын
         орун басары жана түштүк регионунун башчысы милициянын полковниги.

   2.  Алай районунун  “Ардактуу атуулу” наамы берилген атуулдарга берилүүчү иш кагаздарды
 даярдоо райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.

   3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин   мыйзамдуулук укук тартибин
  чындоо, кеңештин иштери жана этика  боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук
        Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.    



          Алай райондук Кенешинин төрагасы:                                                 Н.М. Жеенбеков


    
Алай  райондук Кенешинин II чакырылышынын XXII заседаниесинин

Т О К Т О М У

Гүлчө айылы                                                 № 22 /3                                   23-октябрь 2012-жыл

                                              Алай районунун борбордоштурулган китепкананын атын
                                                     өзгөртүү    жөнүндө.
                                                      

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург, Улуу ата мекендик согуштун ардагери Мамат Жакыповдун өмүр баянын, ишмердигин угуп, райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын сунушунун жана райондук борбордоштурулган китепкананын жамаатынын жалпы чогулушунун токтомун, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын сунушун угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Алай районунун борбордук китепканангын аты өзгөртүлүп Мамат Жакыпов атындагы Алай борбордоштурулган китепканасы деп аталсын.

2.    Алай районунун борборлоштурулган китепананы аты өзгөртүлүп Мамат Жакыпов атындагы борборлоштурулган Алай китепканасы деп аталгандыгына байланыштуу тиешелүү документтерин, печат жана штамптарын өзгөртүү , юридикалык документтерин тактоо жагы китепканан директору У.Асиловага,  райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ы.Жаманкуловго, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Т.Кайназаровго милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.



       Алай райондук Кеңешинин төрагасы:                                    Н.М.Жеенбеков


















        Алай  райондук Кенешинин II чакырылышынын XXII заседаниесинин

Т О К Т О М У

Гүлчө айылы                                                 № 22 /4                            23-октябрь 2012-жыл

                                                  

                                          Сары-Таш айылдык кеңешинин  2011-жылдын 6-июндагы
                                                 № 9/10 токтому менен сунушталган Талдык ашуусуна
                                                  Боркош Асановдун атын ыйгаруу жөнүндө.
                                                      
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому, Сары-Таш айылдык кеңешинин 6.06.201-жылдагы № 9/10 токтому, Сары-Таш айыл өкмөтүнүн сунушу, Сары-Таш жана Нура айылдарынын жашоочуларынын чогулушунун протоколун жана  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын  макулдук катын анализдеп  Алай райондук Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айыл округундагы Талдык ашуусу Асанов Боркош атындагы Талдык ашуусу деп аталсын  жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы географиялык аталыштарды кароо комиссиясына сунушталсын.
2.    Талдык ашуусу Асанов Боркош атындагы Талдык ашуусу болуп өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарды даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы географиялык аталыштарды кароо комиссиясына жөнөтүү тактоо жагы  Сары-Таш айыл өкмөтүнө жана ДЭП -960 ишканасынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3.    Бул токтомду мыйзамдуу токтом менен бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.



        Алай райондук Кеңешинин төрагасы:                                            Н.М.Жеенбеков










Алай райондук Кеңешинин 18-заседаниесинин токтомдору     29-февраль 2012-жыл

 

Алай райондук Кенешинин II чакырылышынын кезексиз  XVIII  заседаниесинин

ТОКТОМУ

Гүлчө айылы                              18/1                                   29-февраль   2012-жыл

Алай райондук Кеңешинин  төрагасынын арызы жөнүндө.

     Алай райондук Кеңешинин төрагасы СарыбашовТаалайбек Насырбековичтин арызынын негизинде  Алай райондук Кенеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1.     Алай райондук Кеңешинин төрагасы Сарыбашов Таалайбек Насырбековичти Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким кызматына өткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулсун.

2.     Бул токтомду аткаруу райондук Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

 

 

 

      Алай райондук Кеңешинин

     төрагасынын орун басары:                                                         А.Суранова

 

 

 

 

 

 

 

лай райондук Кенешинин II чакырылышынын кезексиз  XVIII  заседаниесинин

ТОКТОМУ

Гүлчө айылы                                                  18/2                                      29.02. 2012-жыл

  №6 жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаты Т.Н.Сарыбашовдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1,2-пункттарына ылайык мөөнөтүнөн мурда бошогон № 6 Гүлчө шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаттыгына Жусубалиев Нурбек Абытовичтин депутаттык мандатын бекитүү жөнүндө..

        “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1,2-пункттарына ылайык жана Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 14.02.2012-жылдагы № 4 токтомунун негизинде Алай райондук Кенеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1.     № 6  жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан Алай райондук Кеңештин депутаты Т.Н.Сарыбашовдун  депутаттык мандаты менен кызмат абалы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусуна шайкеш келбегендигине байланыштуу депутат Т.Н.Сарыбашовдун депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2.      № 6  жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан Алай райондук Кеңештин депутаты Т.Н.Сарыбашовдун  депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтогондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1,2-пункттарына ылайык № 6 жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаты болуп Жусубалиев Нурбек Абытовичтин депутаттык мандаты таанылсын.

3.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу райондук Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

 

 

       Алай райондук Кеңешинин

         төрагасынын орун

          басары:                                                         А.Суранова

Алай райондук Кенешинин II чакырылышынын кезексиз XVIII заседаниесинин

ТОКТОМУ

Гүлчө айылы                           18/5                                       29-февраль  2012-жыл

                                     Алай райондук Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча

                                     эсептөө комиссиясынын   № 3 токтомун бекитүү жөнүндө

     Эсептөө комиссиясынын № 3 Алай райондук Кеңешинин төрагасы кызмат ордуна шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруунун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулоонун  негизинде  Алай райондук Кенеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1.     Эсептөө комиссиясынын № 3 Алай райондук Кеңешинин төрагасы кызмат ордуна жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү  протоколу бекитилсин.

2.     Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын элүү пайыздан ашык добушун ала албагандыгынын негизинде райондук Кеңештин төрагасына талапкерлер шайланган  жок деп эсептелинсин.

3.     Алай райондук Кеңешинин төрагалык кызмат ордуна шайлоонун экинчи туру өткөрүү эсептөө комиссиясына тапшырылсын.

4.     Алай райондук Кеңешинин төрагалыгына мурда талапкер болгон депутаттардан башка  талапкерлер сунушталсын.

 

 

 

 

      Алай райондук Кеңешинин

     төрагасынын орун басары:                                                         А.Суранова

 

 

 

 

Алай райондук Кенешинин II чакырылышынын кезексиз XVIII заседаниесинин

Т О К Т О М У

Гүлчө айылы                           18/6                                       29-февраль  2012-жыл

 

                                     Алай райондук Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча

                                     эсептөө комиссиясынын   № 4 токтомун бекитүү жөнүндө

     Эсептөө комиссиясынын № 4 Алай райондук Кеңешинин төрагасы кызмат ордуна шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруунун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколун угуп талкуулоонун  негизинде  Алай райондук Кенеши

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1.     Эсептөө комиссиясынын № 4 Алай райондук Кеңешинин төрагасын кызмат ордуна жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү  протоколу бекитилсин.

2.     Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын элүү пайыздан ашык добушун алган № 3 төрт мандаттуу Ленин шайлоо округунан райондук Кеңешке депутат Жеенбеков Нурланбек Мамасадыкович Алай райондук Кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинисин. 

 

 

 

      Алай райондук Кеңешинин

     төрагасынын орун басары:                                                         А.Суранова

 

 

                                                     

 

 

Алай райондук Кенешинин II чакырылышынын  XVIII заседаниесинин

Т О К Т О М У

Гулчо айылы                                  18/7                     29-февраль  2012-жыл

Райондук Кенештин кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2011-жылдын 12-декабрындагы № 37, 21-декабрындагы № 38, 23-декабрындагы № 39, 40, 41, 42, 43,  27-декабрындагы                            № 44, 45, 46, 47, 48,  29-декабрындагы     № 49, 50, 51, 52  кабыл алынган токтомдорун бекитүү жөнүндө.

Алай райондук Кенешинин бюджет, социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап     Алай райондук Кенеши                            

                                         Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.Райондук Кенештин кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2011-жылдын жылдын 12-декабрындагы № 37, 21-декабрындагы № 38,                         23-декабрындагы № 39,  23-декабрындагы № 40, 23-декабрындагы № 41,              23-декабрындагы  № 42, 23-декабрындагы      № 43, 27-декабрындагы № 44,        27-декабрындагы  № 45, 27-декабрындагы № 46, 27-декабрындагы № 47,             27-декабрындагы  № 48, 29-декабрындагы № 49, 29-декабрындагы № 50,             29-декабрындагы №51, 29-декабрындагы № 52  кабыл алынган токтомдору бекитилсин.

            2.Бул токтомду аткарууну камсыз кылуу райондук финансы бөлумүнүн башчысы З.Молдокуловго тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин аппаратына жана бюджет,       социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Алай райондук Кенешинин

төрагасынын орун басары:                                                   А.Суранова

                                                                                    

                                                          

 Токтомдорду толугу менен оку